AVN







Ч.АЙТМАТОВГО ЭСТЕЛИК ЫРЫ

Ч.АЙТМАТОВГО  ЭСТЕЛИК ЫРЫ
 Dec 5, 2018  933

Экономикалык-юридикалык факультетинин «Юриспруденция»  адистигинин  Юк-1-18тайпасынын студенттерине  “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”   темасындагы   кыргыз элинин улуу ойчул уулу Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына карата куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук саат жогорудагы тайпанын куратору З.Кошалиева  тарабынан уюштурулуп  өткөрүлдү-деп билдирди  “Жарандык укук жана адвокатура”  кафедрасынын башчысы С.Ш.Сыдыков

 Анда студенттер улуу жазуучунун чыгармалары жана жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды алып, каармандарынын образдарын талкуулашты. Ошондой эле анын чыгармаларынан эргүү алып кээ бир студенттер ыр жазышкан.  Юк-1-18 тайпасынын студенти Жеңишбек уулу Баяман төмөнкүдөй ыр саптарын кураган;

                                 Ч.Айтматовго  эстелик ыры

 

Жылдыздын жылдызы Чолпон жылдыз,

Улуттардын эң сулуусу улуу кыргыз.

Ал элди тааныткан бир жылдыз бар,

Ал ишмер, ал жазуучу  аты Чынгыз.

Чынгыз атам кыргыз жолун жарыткан,

Кыргыз элин бүт дүйнөгө тааныткан.

Миң жылдарга элдер аны унутпайт,

Өзү өлсө  да аты өчпөйт тарыхтан.

Чынгыз атам кыргыз жолун жарыткан,

Чынгыз сени кимдер бизден талашпайт.

Элди жеген канкор өлсө мейли эле,

Тур Айтматов сага мындай жарашпайт.

Сиздей адам миң жылда бир төрөлөт,

Бой жеткенде сый урматка бөлөнөт.

Андай адам кайсыл элден болсо да,

Эрден  дагы урматталып бир өлөт.

Бир өзүндү сыймыктанып караймын,

Келечекте менда элдин керегине жараймын.

Калем менен дүйнөнү багынтыпсыз,

Мен  да Сиздей болууну коп санаймын.

  • Ч.АЙТМАТОВГО  ЭСТЕЛИК ЫРЫ
  • Ч.АЙТМАТОВГО  ЭСТЕЛИК ЫРЫ