AVN







НАРИСТЕЛЕРДИ СЫЛЫК МАМИЛЕ АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛАЙ АЛАБЫЗ

НАРИСТЕЛЕРДИ СЫЛЫК МАМИЛЕ АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛАЙ АЛАБЫЗ
 Dec 5, 2018  845

Жалал-Абад колледжинин  « Мектепке чейинки  жана технологиялык билим берүү» бөлүмүндө «Мектепке чейинки билим берүү» адистигиндеги МЧББ-01-17 жана МЧББ-2-16 тайпаларынын педагогикалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияда студенттер  практика учурунда аткарган   иш аракеттеринин жыйынтыгын айтып  беришти.

Аталган тайпанын куратору айнура Бостонуванын маалыматында  бүгүнкү күндө   шаарыбызда эле эмес республика боюнча болуп жаткан көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышып, талкуулашканы айтылат. Тагыраак айтканда бала бакчада балдарга кандай мамиле кылуу жөнүндө  талкуу жүргөн. Ар бир студентке балдарга кандай мамиле кылуусун практика жетекчилери жана психолог жетекчилери түшүндүрүп өтүштү.

Жумабай кызы Айзирек  сылык сүйлөө аркылуу наристелерге тарбия берүү бүгүнкү күндүн талабы деген оюн билдирди . Андан сырткары аң сезимин өстүрүүчү оюнчуктарды колдонуп, жомокторду айтып берип жашоого болгон кызыгуусун арттыра алабыз деген оюн кошумчалады.

  • НАРИСТЕЛЕРДИ СЫЛЫК МАМИЛЕ АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛАЙ АЛАБЫЗ
  • НАРИСТЕЛЕРДИ СЫЛЫК МАМИЛЕ АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛАЙ АЛАБЫЗ
  • НАРИСТЕЛЕРДИ СЫЛЫК МАМИЛЕ АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛАЙ АЛАБЫЗ
  • НАРИСТЕЛЕРДИ СЫЛЫК МАМИЛЕ АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛАЙ АЛАБЫЗ