AVN







БИЗДИН ӨЛКӨ КООЗ ЖАНА ТҮЗҮЛҮШҮ ЫНГАЙЛУУ

БИЗДИН ӨЛКӨ КООЗ ЖАНА  ТҮЗҮЛҮШҮ ЫНГАЙЛУУ
 Dec 5, 2018  875

Табигый-техникалык факультетинин  География кафедрасынын Г-1-16 тайпасында кафедранын окутуучусу А.Ж. Керимбекова  «Түндүк Американын физико-географиялык абалы” аталыштагы практикалык ачык сабак өттү.

 Ачык сабактын планы:

  1. Түндүк Америка материгинин географиялык алган орду.
  2. Рельефи,кен байлыктары (рельефин кен байлыктарын контур картага түшүрүү)
  3. Студентерди кесиптик багытка жана патриоттуулукка, Ата Мекенин сүйүүгө тарбиялоонун элементтерин калыптандыруу маселелери каралды.

Бул сабакта студенттер Түндүк Америка материгинин географиялык жайгашкан орду, чектелиши,  четки точкалары, Түндүк Американын табиятынын Евразияныкына окшоштук жана айырмачылык жактарына, рельефи жана кен байлыктары жөнүндө кеңири маалыматка ээ болушту-дейт А.Керимбекова.

А.Керимбекова Түндүк Американын  географиялык жайгашкан ордуна, рельефине, негизги кен байлыктарынын чыккан жерлерине кыскача мүнөздөмө берди. Түндүк Американын  табиятынын Евразияныкына окшоштук жана айырмачылык жактарын айтуу менен окшоштук жактары үч факторго байланыштуу:  эки материктин тең бирдей кеңдиктерде жайгашуусу;  геологиялык түзүлүштөрүнүн жалпы белгилери; материктер ортосундагы палеогеографиялык байланыштардын болушу деп токтолду.

Ошондой эле рельефтин формаларын белгилеп, слайд боюнча  көрсөтүп, түшүндүрмө берди.  Биз жаратылышы эң кооз жана климаттык, рельефтик түзүлүшү ыңгайлуу болгон өлкөдө жашай тургандыгыбызды эскерүү менен өлкөбүздүн байлыктарын туура пайдалануу жана коргоону жаш адистерге үйрөтүп, келечегибизди түптөй алабыз деген максатты айтуу менен сабак жыйынтыкталды.

  • БИЗДИН ӨЛКӨ КООЗ ЖАНА  ТҮЗҮЛҮШҮ ЫНГАЙЛУУ
  • БИЗДИН ӨЛКӨ КООЗ ЖАНА  ТҮЗҮЛҮШҮ ЫНГАЙЛУУ
  • БИЗДИН ӨЛКӨ КООЗ ЖАНА  ТҮЗҮЛҮШҮ ЫНГАЙЛУУ
  • БИЗДИН ӨЛКӨ КООЗ ЖАНА  ТҮЗҮЛҮШҮ ЫНГАЙЛУУ
  • БИЗДИН ӨЛКӨ КООЗ ЖАНА  ТҮЗҮЛҮШҮ ЫНГАЙЛУУ