AVN







ЖАМУДА 26 МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР БИЛИМ АЛУУДА

ЖАМУДА 26 МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР БИЛИМ АЛУУДА
 Dec 5, 2018  650

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата, университетте окуган мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер менен кереге кеңеш откөрүлдү. Кереге кеңеш эркин форматта студенттерди куттуктоо, каалооло-тилектерди айтуу, алар кызыккан маселелерди талкуулоо, жаңы идеяларды сунуштоо, ал максаттарды ишке ашыруу иштерин талкуулоо менен кызыктуу өттү. Бул жолугушууну ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгуль Доранова уюштуруп, жаштар комитети, маданий-эстетикалык борбору катышты.

 Университетте окуп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер жөнүндө: “Биздин окуу жай аярлуу катмардагы студенттерине ар тараптуу колдоо көргөзүп келет. Эң биринчи колдоосу алардын окуу акысынан 100 пайыз бошотуп, акысыз билим берүүсү. Быйылкы жылы 22  I жана  II  топтогу майып студент 100 пайыз жана 4 майып бала  студент 50 пайыз окуу  төлөмүнөн бошотулуп, жалпы суммасы 54000 сомдун тегерегин түздү” – дейт А. Доранова.

Медицина колледжинин 2-курсунун студенти Гүлүмкан Саланова жалпы катышуучуларды майрамы менен куттуктап, буларга токтолуп кетти. “Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан көңүл бурулуп, ар дайым эстеп турганыңыздарга ыраазыбыз. Сиздердин бизге берген эң чоң белегиңиздер акысыз билим берип, атайын кесипке ээ кылып жатканыңыздарды айтат элем. Мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болгону менен кээ бир алты саны аман адамдарда жок бактылуулук, мүмкүнчүлүк бизде бар. Ар бир сыноону туура кабыл алып, түзүлгөн мүмкүнчүлүгүбүздү колдоно билсек, келечекте мыкты инсан болоорубузга ишенем. Бүгүнкү иш чараны уюштуруп, куттуктап жатканыңыздарга рахмат” – деген оюн айтты.

ЖАМУнун жаштар  комитети  сунуштаган, университетте окуп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин ассоциациясын же уюмунун түзүлүүсүн, МЭБдин жетекчиси Ы.А.Шаимкуловдун, университетте өткөрүлуп жаткан ар бир иш-чаралардын активдүү катышуучусу, лидер студенттерден болууларын студенттер ынтызарлык менен кабыл алышып ыраазычылыктарын билдиришти.

  • ЖАМУДА 26 МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР БИЛИМ АЛУУДА
  • ЖАМУДА 26 МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР БИЛИМ АЛУУДА
  • ЖАМУДА 26 МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР БИЛИМ АЛУУДА
  • ЖАМУДА 26 МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР БИЛИМ АЛУУДА
  • ЖАМУДА 26 МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР БИЛИМ АЛУУДА