AVN







ЖАМУда СПИДке КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ИШ ЧАРАСЫ УЮШТУРУЛУУДА

ЖАМУда СПИДке КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ИШ ЧАРАСЫ УЮШТУРУЛУУДА
 Dec 4, 2018  673

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында “Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күнүнө” карата лекция окулду. Лекцияга бардык факультеттердин студенттери катышып, Жалал-Абад облустук СПИД борборунун врач-эпидемиологу Талантбек Таштанов 4-декабрь күнү жаштарга аталган оору туулалуу маалымат берди.

      Т. Таштановдун берген маалыматында буга чейин СПИД айыккыс, дабасы жок дарт катары кабыл алынып, ага чалдыккан адам коомчулуктан оорусун жашырып келген. “Учурда медицина тармагы өнүгүү жолунда келе жатат. ВИЧ/СПИД инфекциясына чалдыккан жарандын айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү алда канча жогору. Ооруну жашырбай убагында дарыгерге кайрылып, сакайып кетсе  болот. Эң башкысы бул инфекцияны жуктуруп алуунун алдын алуу зарыл” – дейт Т. Таштанов.

XXI кылымдын чумасы  катары аталган инфекция кулачын кенен жайып баратат. Андыктан ар бирибиз өзүбүздүн жана жакындарыбыздын келечеги, жаркын жашоосу үчүн оорудан алыс болсок. Ал жөнүндө туура маалыматка ээ болуп, жабыркагандарга жардам бергенде гана бул оору менен жалпы күрөшүп, жеңе алабыз деген ойлор айтылды.

  • ЖАМУда СПИДке КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ИШ ЧАРАСЫ УЮШТУРУЛУУДА