AVN

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Медицина факультетинде

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Медицина  факультетинде
 Dec 4, 2018  751

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде  «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

Аталган факультеттин иш чарасы жободогу бардык пункттардагы жанрларды толук камтыган. Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазуучунун  чыгармаларынан  үзүндү коюшту. Көчмөндөр маданияты боюнча күү, элдик ырлар, элдик оюндар, көчмөндөр кийимдери боюнча сахналаштырылган көргөзмө болду.

Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова “Сиздер бир гана адамдардын оорусун дарылаганды эмес, руханий жактан да даба бере аларыңыздарды бүгүн далилдей алдыңыздар. Албетте, азыраак даярданып калганыңыздар көрүнүп турду. Антсе да таланттуу кызматкерлер бар экени бизди кубандырды.” – дейт А. Доранова.

Сөзгө чыккан калыстар тобунун мүчөсү Рысбай Шаимкулов “Негизинен жобо боюнча берилген шарттардын бардыгын аткардыңыздар. Калыстар тобу ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыктаганда 234 баллга ээ болдуңуздар. Дагы өзгөчөлүгүңүздөрдү белгилей кетсем кыргыз бийин жана өзбек бийин мыкты аткардыңыздар.  Ошондой эле ыр жанры боюнча “Жоолугарым билгенмин” аттуу ыры менен Токторбаев Бакайды гала концерке тандадык ” – деди.

Калыстар тобунун мүчөлөрү:А.Д. Доранова – калыстар тобунун төрайымы, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору;

К.Б. Калчекеев – мүчө, ЖАМУнун “мамлекеттик тил” бөлүмүнүн башчысы,

Р.А. Шаимкулов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси;

Ж. Масаитов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетектөөчү адиси;

Н.Г. Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Медицина  факультетинде