AVN







К.Ж. УСЕНОВ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ”

К.Ж. УСЕНОВ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ”
 Dec 3, 2018  959

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору,  техника  илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Усенов Кеңешбек Жумабекович “Жылдын мыкты жетекчиси” наамына ээ болду.

Республикалык “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Э.Т. Балбаков – сурамжылоо аркылуу көпчүлүктүн  тандоосу менен “Аймактарды өнүктүрүү жылында” өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш кадрларды даярдоодо кошкон салымы үчүн К.Ж. Усеновго  “Жылдын мыкты жетекчиси” наамы ыйгарылды – деди ал.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Туусу” гезити 1924-жылдан бери жарык көрүп келет. Учурда өлкөнүн эң алдынкы жана таасирдүү гезитинин  нускасы  6000 ге жакын чыгарылып, республиканын бардык аймактарында өз окурмандары бар.