AVN







УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН 4-КУБОГУ ӨТКӨРҮЛДҮ

УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН 4-КУБОГУ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Dec 3, 2018  885

Кытай Эл Республикасы тарабынан “Улуу Жибек жолу” аталышындагы сынак  Ош шаарында ноябрь айынын акыркы жумасында өткөрүлдү. Ага ЖАМУнун Конфуций институтунда  кытай тилин үйрөнүп жаткан 4 студент катышып, байгелүү орунду ээлеп келишти. Мындай маалыматты аталган институттун директору Мавлюда Шакирова билдирди.

    Маалыматта "Улуу Жибек жолу" сынагынын 4-кубогу үчүн Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча билим сынагына Конфуций институтунда кытай тили курсунда окуп жаткан студенттер катышканы айтылат. “Сынакка  төмөнкү студенттер катышты. Алар;     Абдыжапарова Элиза, Курбаналиева Элнура, Бакытбекова Миргүл жана Душаева Аида. Сынакта Душаева Аида 2-орунду ээлеп, кол телефонго ээ болду” – дейт М. Шакирова.

Эске салсак, ЖАМУнун Конфуций институтунда кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттер 2017-жылы да аталган сынакка катышып келишкен.

  • УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН 4-КУБОГУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН 4-КУБОГУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН 4-КУБОГУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН 4-КУБОГУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН 4-КУБОГУ ӨТКӨРҮЛДҮ