AVN







Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
 Dec 3, 2018  1465

2018-жылдын 30-ноябрында ЖАМУнун чоң жыйындар залында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90жылдыгына карата «Улут руху жана Чыңгыз Айтматов» аталышында Эл аралык илимий – практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференциянын программасы төмөндөгүдөй бөлүктөрдөн турду:

  1. Конференциянын ачылышы
  2. ЖАМУнун ректору К.Ж.Усеновдун сөзү
  3. Коноктордун сөзү
  4. Пленардык баяндамалар
  5. Секциялык иштер
  6. Конференцияны жыйынтыкоо

Конференцияга жазуучунун карындашы Айтматова Роза Төрөкуловна, Кытай Эл Республикасынан, Андижан мамлекеттик университетинен, Бишкектен, КРнын Жалал – Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ызабеков Ы.Т. жана Жалал – Абад шаардык мэриясынын вице- мэри Алтымышев Р.А., 300дөн ашуун студент, 80 профессордук окутуучулук курам катышты. Конференция ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усеновдун сөзү менен ачылып, конференцияга келген коноктор менен тааныштырды жана Ч.Айтматов тууралуу кеңири сөз сүйлөп, конференциянын жүрүшүнө ийгиликтерди каалады.

Р.Т. Айтматова – жазуучунун  балалык кезиндеги кызыктуу күндөрүнөн айтып өттү.

Куттуктоолор айтылып, пленардык бөлүгүндө төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды.

 

1-баяндама: Култаева Ү.Б. фил.и.д. профессор Бишкек, УИА «Протосюжет жана анын Ч.Айтматовдун чыгармачылык тагдырындагы ролу»

2-баяндама: Дабыт Абдылбары уулу Кытай Борбордук улуттар университетинин Phd – докторанты, КЭР, Бээжин «Айтматовдун Кытайда изилдениши»

3-баяндама: Асакеева Д.Ж. фил.и.д. Бишкек, УИА Социалисттик реализм методу: «Ч.Айтматовдун эстетикалык сабактары»

4-баяндама: Нурушов Э.Н. Жазуучу жана публицист «Ч.Айтматов жана адамдан кийинки доор»

5-баяндама: Тожибаева М.А. фил.и.д., профессор АнМУ «Ч.Айтматов ижодининг узига хос хусусиятлари»

6-баяндама: Чокоева Д.М. ф.и.к., доцент ЖАМУ «Ч.Айтматовдун эгзистенциализми жана кыргыз коомунун аң сезим структурасы»

 

Конференцияда 5 секция иш алып барып, анда 73 илимий баяндама жасалды. Жыйынтыгында секция башчыларынын протоколдорунун негизинде секциядагы мыкты илимий баяндамалары үчүн I,II,III даражадагы дипломдор, сертификаттар менен сыйланышты.

Илимий баяндамалар мезгилдүү илимий басылмаларга сунушталды.

Конференцияны уюштуруу жана өткөрүүгө «Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Чокоева Д.М., жана чарба иштери боюнча проректору Ж.Т.Арынбаев жетектеген кызматкерлер жакындан жардам беришти.

Факультеттер жана колледждер тарабынан ЖАМУда жыл башынан бери өткөрүлүп келген иш – чаралардын жыйынтыктарын чагылдырган көргөзмө уюуштурулду.

  • Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
  • Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
  • Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
  • Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
  • Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
  • Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
  • Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
  • Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
  • Ч. АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ