AVN







ЖАМУнун ректору, Евразия тоо-кен илимдер академиясынын вице-президенти болуп дайындалды

ЖАМУнун ректору, Евразия тоо-кен илимдер академиясынын вице-президенти болуп дайындалды
 Dec 1, 2018  2651

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович Евразия тоо-кен илимдер академиясынын академиги наамына ээ болду.

Евразия тоо-кен илимдер академиясынын кезектеги көчмө жыйыны Өзбекстан Республикасынын Новои шаарында уюштурулуп, аталган жыйында ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж. Усеновго жогорудагы  академиянын академиги наамы ыйгарылды жана ушул академиянын вице-президенти болуп дайындалды. Наамды  Евразия тоо-кен академиясынын төрагасы тапшырды.

Белгилей кетсек Евразия тоо-кен илимдер академиясы 2018-жылы түзүлүп, Казакстан Республикасынын Астана шаарында жайгашкан.