AVN







ВИЧ/СПИДдин күн өткөн сайын кулачы жайылууда

ВИЧ/СПИДдин күн өткөн сайын кулачы жайылууда
 Dec 1, 2018  828

СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө  карата 29-ноябрда Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан тегерек стол уюштурулган, иш-чарага “Социалдык иш” адистигинин студенттери катышышты.

ВИЧ/СПИД илдетинин тарыхы, ага каршы күрөшүү жана оорунун алдын алуу боюнча студенттерге маалыматтар берилди. Учурда ВИЧ/СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат. Андыктан жаштарга туура маалымат жеткирүү менен бул оорунун алдын алсак болот деген максатта уюштурулган.

Эске салсак, айыкпас оорулардын бири бул ВИЧ/СПИД оорусу. Бул дарт көп жылдардан бери жер планетасынын чоң көйгөйү болуп, даарысы бүгүнкүгө чейин жок. Ушу себептен БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) тарабынан 1988-жылдан тарта 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү деп белгиленип келет.

  • ВИЧ/СПИДдин күн өткөн сайын кулачы жайылууда