AVN







АДАМ САТУУНУН АЛДЫН АЛУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР БЕРИЛДИ

АДАМ САТУУНУН АЛДЫН АЛУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР БЕРИЛДИ
 Dec 1, 2018  963

Ушул жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Жалал-Абад шаарындагы Пункту тарабынан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттерине эл аралык адам сатуунун алдын алуу жана күрөшүү боюнча маалымат иш-чарасы өткөрүлдү.

         Иш чаранын алкагында студенттерге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилиги тарабынан жогоруда эскертилген багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.