AVN

ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА  ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА
 Dec 1, 2018  747

Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасынын окутуучусу  Н.Маматураимова  мобилдүүлүк байланыштардын алкагында  21-ноябрдан  24-ноябрга чейин Өзбек Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин Химия кафедрасында болуп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы,  окуу пландары, окуу процессинин жүрүшү,  илимий-изилдөө иштеринин багыттары боюнча   өз ара тажрыйба алмашып келди. Мындай маалыматты аталган кафедранын башчысы Нуржан Арстанбекова билдирди.

Анын маалыматында үч күндүк иш сапардын жүрүшүндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасы менен Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин  Табигый илимдер факультетинин  “Химия” кафедраларынын ортосунда  окутуучулардын жана студенттердин тажрыйба алмашууларын жана өз ара кызматташууларын жакшыртуу максатында эки кафедранын ортосунда эки тараптуу келишимге кол коюлганы айтылат.

Коңшу өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен болгон өз ара кызматташууну чыңдоо, профессордук-окутуучулук курамдын стажировкадан өтүүлөрүн камсыздоо, студенттердин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу; илимий- изилдөө иштерин биргеликте жүргүзүү, тажрыйба алмашууну өнүктүрүү мындан ары да улана бермекчи – деп кошумчалаган ал.

  • ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА  ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА