AVN







«ЖАМУда даярдалып жаткан адистер жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапаты” талкууланды

«ЖАМУда даярдалып жаткан адистер жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапаты” талкууланды
 Nov 30, 2018  795

Табигый-техникалык факультетинин География кафедрасы 24-ноябрда «ЖАМУда даярдалып жаткан адистер жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапаты” темасындагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол География кафедрасынын окутуучулары Т.Жолдошова жана А.Керимбекова тарабынан уюштурулду  деп билдирди аталган кафедранын башчысы доцент К.Асанова.

Тегерек столдун негизги максаты география адистигинин бүтүрүүчүлөрү, профессордук –окутуучулар, ата-энелер жана  иш берүүчүлөр менен байланышты чыңдоо.  Ага Жалал-Абад  шаардык билим берүү бөлүмүнөн, №19, №9, №17 мектеп директорлору, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү жана ЖАМУнун География кафедрасын аяктап  мектепте иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрү катышты.

Сөзго чыккан Жалал-Абад  шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук кеңешинин төрайымы Арапбаева Айдай  өз сөзүндө, шаар мектептеринде география адистиги боюнча  иштеп жаткан мугалимдер дээрлик көпчүлүгү ЖАМУнун   бүтүрүүчүлөрү.  Бардык   бүтүрүүчүлөр   заман талабына туура келгендигин баса белгиледи.  Ошондой эле катышуучулар менен жакындан пикир алмашуу менен бүтүрүүчүлөрдүн жана мектеп бүтүрүчүүлөрнүн билим сапаты туралуу кызуу талкуу болду.

  • «ЖАМУда даярдалып жаткан адистер жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапаты” талкууланды
  • «ЖАМУда даярдалып жаткан адистер жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапаты” талкууланды