AVN







“УЛУТ РУХУ – ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ”

“УЛУТ РУХУ – ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ”
 Nov 30, 2018  855

Жалал-Абад мамлекеттик университети залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине  карата “Улут руху – Чынгыз Айтматов” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болууда. Ага жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова, кошуна Өлкөлөрдөн, республикабыздын бир катар жогорку окуу жайларынын тилчи окумуштуулары катышууда.

Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор  Усенов Кенешбек Жумабекович  - Заманыбыздын улуу инсаны, залкар жазуучу жана ойчул  Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 90-жылдык мааракесине арналган “Улут руху жана Чынгыз Айтматов” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияга кош келиңиздер!

Чыңгыз Айтматов таланты менен, өз эмгеги менен дүйнөнүн бардык элдеринин урматына ээ болду. Анын чыгармалары дүйнөлүк адабияттын мурасы катары жалпы адамзаттын кенчине айланды. Залкар жазуучу жараткан көркөм дүйнө жалпы кыргыз маданиятынын - кинонун, театрдын, музыканын, балеттин өнүгүп өсүшүнө жакшы таасирин тийгизген.

Кыргыз элинин даанышман уулу Чынгыз Айтматов  кылымдын кыйырына сереп салып, доордун тамырын тартып, келечегин аӊдаган масштабдуу сүрөткер эле.

Журтубуздун башынан өткөн улуу өзгөрүштөрдүн дастанчысы, жарчысы болду” - деген оюн айтты.

Ошондой эле улуу жазуучуну даңазалап, анын чыгармаларын кийинки муунга таанытып, жайылтуу иштери университет тарабынан ар тараптуу иштер байма-бай         жүргүзүлүп жатканын билдирди.

  • “УЛУТ РУХУ – ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ”