AVN







“УЛУТ РУХУ – ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУУДА

“УЛУТ РУХУ – ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ  БОЛУУДА
 Nov 30, 2018  816

Жалал-Абад мамлекеттик университети залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине  карата “Улут руху – Чынгыз Айтматов” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болууда. Ага жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова, кошуна Өлкөлөрдөн, республикабыздын бир катар жогорку окуу жайларынын тилчи окумуштуулары катышууда.

Конференция Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесин утурлай  жыл башынан  бери карай “Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына 90 иш-чара” деген девиздин алдында жалпы университет боюнча көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө.  Ушул жылдын 22-ноябрында  “Ч. Айтматовдун лингвистикалык табылгалары” аталышында Эл аралык конференция болуп, ага кошуна Өлкөлөрдүн жана республикабыздын жогорку окуу жайларынан тилчи окумуштуулар катышты. Ошондой эле “Мамлекеттик тил жана Ч.Айтматов” деген үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды.

 Жыл ичинде “Биз Айтматовду окуйбуз”, “Аалам алпы” Айтматов”, “Дүйнө Айтматовду окуйт” аттуу иш чаралар уюшулууда. Бардык адистиктерде Айтматов жана анын чыгармалары жөнүндө диспуттар кечелер өтүлүүдө.

Ошондой эле чет элдик студенттерге да Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу максатында улуу жазуучу атабыздын өмүр таржымалы, чыгармалары боюнча атайын куратордук сааттар өтүлүп, анын каармандарын кагаз бетине түшүрүп, көргөзмөлөр уюштурулду. Ошондой эле Чынгыз атабыздын 90-жылдыгына карата жыл башынан бери 6 факультет, 6 колледж жана 2 институт ортосунда маданий иш чара өткөрүлүүдө.

  • “УЛУТ РУХУ – ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ  БОЛУУДА
  • “УЛУТ РУХУ – ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ  БОЛУУДА
  • “УЛУТ РУХУ – ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ  БОЛУУДА