AVN

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” СЫНАГЫ ПЕДАГОГИКА ЖАНА МААЛЫМАТТАР ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИНДЕ

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” СЫНАГЫ ПЕДАГОГИКА ЖАНА МААЛЫМАТТАР ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИНДЕ
 Nov 29, 2018  785

2018-жылдын 27-ноябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалыматтар технологиялар факультети «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жылдыгына, университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш-чара  уюштурду.

Аталган факультеттин иш-чарасы жободогу бардык жанрларды толук камтыган. Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармасынан үзүндү аткарышты. ЖАМУ – 120 жашта же ЖАМУну 25 жылдан кийин кандай элестетем? – аталыштагы пунктуна ылайык окуу жайдын техникалык-базасына басым жасалып, заманбап, өнүккөн университет болот деген тилекте көркөм тасма көргөзүштү.  Андан сырткары ыр- бийлерин аткарышты.

Сынактын катышуучулары талапка ылайык окуу жайда окушуп аяктаган жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө кесипкөйлүүлүк менен албан салымдарын кошушкан белгилүү чыгаан инсандардын образдары менен Ч.Айтматовдун  “Кыямат” чыгармасынан Найман эне жана манкурттун образы боюнча сахналаштырылган эпизод аткарышты. Адамзатын атаандык баалуулук катары ан-сезим, акыл-эс, эс-уч темасы Ч.Айтматовдун тили менен коомчулука тартууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобунун төрайымы АйгулДоранова: “Факультеттин жалпы профессордук-окутуучулар жамаатынын 90% бул иш-чарага катышкандыгын баса белгиледи. Негизинен бардык 7  шартынын бардыгын аткардыңыздар. Биз калыстар тобу кеңешип, ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыгында 297 баллга ээ болдуңуздар.

Калыстар тобунун мүчөлөрү:

-А.Д.Доранова – калыстар тобунун төрайымы, ЖАМУнун  социалдык иштер жана-мамлекеттик тил боюнча проректору;

-С.Асылбекова – мүчө, Жалал-Абад шаардык маданият үйүнүн директору;

-К.Б.Калчекеев – мүчө, ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы;

-Р.А.Шаимкулов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси;

-Н.Г.Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” СЫНАГЫ ПЕДАГОГИКА ЖАНА МААЛЫМАТТАР ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИНДЕ