AVN







ЖАМУнун окумуштуулары Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын семинарына катышышты

ЖАМУнун окумуштуулары Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын семинарына катышышты
 Nov 29, 2018  663

Ош шаарында  жайгашкан Кыргыз-Өзбек университетинде “Идеядан кирешеге чейин: чакан жана орто ишканалардагы инновциялык өнүгүүнү кластердик уюштурууда ойлоп табуучулуктун  ролу” аттуу семинар болуп өттү.

         Семинар КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулуп, Түштүк аймактагы ЖОЖдордун окумуштуулары катышышты. Семинардын жүрүшүндө Кыргызстан Эл аралык экономика боюнча жогорку мектебинин директору Т.Ш.Абдыровдун “Кластерлер аркылуу региондук экономиканы өнүктүрүү”, Кыргыз-Өзбек университетинин проректоруМ.М.Исманов “Ойлоп табуулар жана аларды пайдаланууга киргизүүдө экономикалык майнап”, Кыргызпатенттин товардык белгилерин эксперттөө бөлүмүнүн башчысы Э.И.Мукамбетовдун “Товардык белгилердеги бизнестин ролу”,

Кыргызпатенттин Өнөр жай менчик объектилерин эксперттөө бөлүмүнүн башчысы А.С.Бердалиевдин “Интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу”, У.Шералиевдин “Интеллектуалдык менчик объектилерин практикада пайдалануу. “Миталл-01” үрөн себүү” темаларындагы баяндамалары ачык талкууларды жаратып, суроолорго жооптор берилди.

         Семинардын ишине ЖАМУнун профессору, т.и.д. А.Аширалиев, медицина факультетинин деканы Ш.Беркмаматов, каржы жана насыя каф. башчысы А.Карбекова, химия каф. башчысы  Н.Б.Арстанбекова, окумуштуу катчы Р.Нусупова, Илим бөлүмүнүн адиси  Г.Абдразакова Г., окутуучулар Г.Абдрахманова, М.Айылиевалар катышып келишти.

  • ЖАМУнун окумуштуулары Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын семинарына катышышты
  • ЖАМУнун окумуштуулары Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын семинарына катышышты