AVN







“АЙТМАТОВ ААЛАМЫНДА” адабий музыкалык кече болуп өттү.

“АЙТМАТОВ ААЛАМЫНДА” адабий музыкалык кече болуп өттү.
 Nov 23, 2018  1163

ЖАМУнун Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында “Кылымдын адамы” аталган залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына, 2018-жыл-Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Мамлекеттик тилдин урматына карата “Айтматовдун ааламында” аталышында адабий музыкалык кече болуп өттү. Кечени ПМТФнын деканы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев жана БББТМ кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С. Сакиевалар ачып беришти.

Алар өз сөзүндө ааламга аты таанылган залкар жазуучубуздун элибиздин бактысына жаралган кайталангыс феномен экендигин белгилеп кетишти. Айтматовдун эне тилдибиз үчүн күйүп-бышкан ойлоруна токтолушту жана анын: “Эне тилибиз- кубансак кубанычыбыз, кайгырсак кайгыбыз жана сыймыгыбыз” – деп айткан учкул сөздөрүнө токтолушту. Адабий кече педагогика адистигинин студенттери жана П-1-16 тайпасы тарабынан  даярдалган.

Адабий музыкалык кеченин жүрүшүндө жазуучубуздун чыгармаларынан сахна көрүнүштөр көрсөтүлүп, Айтматовдун калемине таандык обондуу ырлар аткарылды. Жазуучунун чыгармаларына таасирленип жазылган ырлар көркөм окулду жана П-1-6 тайпасынын студенти Таалайбек кызы Орозгүлдүн чыгармалар боюнча тартылган сүрөт галлереясы уюштурулган.

Иш-чара факультеттин деңгээлинде болуп, ага катышкан педагогика, тарых, математика, физика, информатика, социлдык иш дистигинин студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы катышты. Ошондой эле филология адистигинен да өкүлдөр конок катары чакырылган. Ошентип улуу жазуучубузду дагы бир ирет эскерип, анын руханий дүйнөсүнө үңүлүп кирип, дагы бир ирет таазим эттик десек болот.

  • “АЙТМАТОВ ААЛАМЫНДА” адабий музыкалык кече болуп өттү.
  • “АЙТМАТОВ ААЛАМЫНДА” адабий музыкалык кече болуп өттү.