AVN







АКПАЙ КАЛДЫ ДЕҢИЗ БОЛЧУ МӨЛ БУЛАК

АКПАЙ КАЛДЫ ДЕҢИЗ БОЛЧУ МӨЛ БУЛАК
 Nov 23, 2018  880

Экономикалык-юридикалык факультетинин Юриспруденция багытынын Юк-1-17 тайпасынын студенттерине  22-ноябрда  «Акпай калды  дениз  болчу  мөл  булак,  жанбай калды  өчпөй турган шам чырак»  темасындагы  улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган  куратордук саат өткөрүштү. Куратордук саат аталган тайпанын куратору Б.К.Каратаева тарабынан уюшулган деп билдирди аталган кафедранын башчысы Бекжан Алымкулов.

Эскерүүнүн негизги максаты улуу жазуучубуздун басып өткөн жолунда канчалык кыйынчылыктар болсо да, кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө калаарын дагы бир ирет даңазалоо болду. Негизинен эле Ч.Айтматовду бүт дүйнө эли таанып, кыргыз эли сыймыктанган жазуучу экенине ынанбай коё албайсын. Жазуучунун чыгармаларында бүтүндөй бир нукуралык, эл турмушунан алынган накталык, жөнөкөй карапайым журттун мүнөзүнө таандык  өзгөчөлүк бар деп билдирди кафедра башчы Б.Н.Алымкулов.

  • АКПАЙ КАЛДЫ ДЕҢИЗ БОЛЧУ МӨЛ БУЛАК
  • АКПАЙ КАЛДЫ ДЕҢИЗ БОЛЧУ МӨЛ БУЛАК
  • АКПАЙ КАЛДЫ ДЕҢИЗ БОЛЧУ МӨЛ БУЛАК