AVN







Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо иштери жүрүүдө

Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо иштери жүрүүдө
 Nov 23, 2018  720

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинин «Финансы жана кредит» кафедрасынын бүтүрүүчү студенттери менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу болду. Жолугушууга ААК “Дос-Кредо банктын” директорунун милдетин атаруучусу Асаркулов А.К. жана кызматкерлери катышты дейт кафедра башчысы  Азиза Карбекова.

Анда иш берүүчүлөр тарабынан, тактап айтканда ААК “Дос-Кредо банктын” директорунун милдетин аткаруучу Асаркулов А.К., кредиттик бөлүмдүн башчысы Осмонов Т.И. жана юрист Орозбаева Ж.Ж. тарабынан банктын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилип, банктын адистери түзгөн тесттердин негизинде 20 бүтүрүүчүгө тестирлөө жүргүзүлдү.  Бул тестирлөөнүн негизги максаты иш берүүчүлөр менен кафедранын ортосундагы байланышты күчөтүү жана бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт – деп билдирди А. Карбекова.

  • Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо иштери жүрүүдө
  • Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо иштери жүрүүдө