AVN







“Ч.АЙТМАТОВДУН ЛИНГВИСТИКАЛЫК ТАБЫЛГАЛАРЫ”

“Ч.АЙТМАТОВДУН ЛИНГВИСТИКАЛЫК ТАБЫЛГАЛАРЫ”
 Nov 23, 2018  772

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 22-ноябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан аалам алпы, заманыбыздын залкар жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры, I даражадагы “Манас” орденинин жана “Ак шумкар” алтын медалынын ээси   Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Ч.Айтматовдун лингвистикалык табылгалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. 

Конференцияга Өзбек Республикасынан Андижан мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тилчи окумуштуулары тарабынан жазуучу Ч.Айтматовдун  чыгармаларынын тили боюнча төмөнкү илимий баяндамалар жасалды.                               

Конференцияга активдүү катышкан баяндамачыларга атайын сертификаттар тапшырылды.

         Конференцияда жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата кафедра тарабынан студенттер арасында уюштурулган конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, Ч.Айтматовго арналган “мыкты автордук чыгарма” номинациясы боюнча I даражадагы диплом КТ-1-18 тайпасынын студенти Бабырбек уулу Бексултанга, II даражадагы диплом Рял-1-18 тайпасынын студенти Абазбекова Уулкызга, III даражадагы диплом Кт-1-18 тайпасынын студенти Имаралы кызы Назбийкеге, “мыкты эссе” номинациясы боюнча I даражадагы диплом ЧТ-1-18 тайпасынын студенти Абдувалиева Гүлзанага, II даражадагы диплом Кт-1-18 тайпасынын студенти Артыкбаева Айсулууга, III даражадагы диплом По-1-18 тайпасынын студенти Гуламжанова Мадинага, “мыкты сүрөт” номинациясы боюнча I даражадагы диплом Дк-1-17 тайпасынын студенти Абдимиталипова Нургүлгө, II даражадагы диплом Дк-1-17 тайпасынын студенти Абдыкадырова Мадинага,  III даражадагы диплом Г-1-18 тайпасынын студенти Мадосмонова Дианага ыйгарылды.

Конференциянын жыйынтыгында төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды:

  1. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тили кыргыз адабий тилин, жалпы элдик кыргыз тилин лексикалык жактан да, грамматикалык жактан да байытып келатканы белгиленсин.
  2. ЖАМУнун кафедраларында Ч.Айтматовдун тили, анын тилинин көркөмдүк өзгөчөлүктөрү боюнча илимий изилдөөлөргө атайын темалар иштелип чыксын.
  3. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын котормолору, башка тилдерге болгон таасирлери боюнча кафедраларда курстук, дипломдук иштердин темалары иштелип чыксын.
  4. Тилдер, адабият, философия, педагогика кафедраларында Ч.Айтматовдун идеяларын, ойлорун, чыгармаларынын көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн, адамзаттын коомдогу ролунун көтөрүлүшү боюнча үгүт, пропаганда иштери жүргүзүлсүн.
  5. Конференцияда окулган мыкты илимий баяндамалар КР УИАнын илимий басылмасына жана “Айтматов окуулары” сериясындагы жыйнакка басмага сунушталсын.

  • “Ч.АЙТМАТОВДУН ЛИНГВИСТИКАЛЫК ТАБЫЛГАЛАРЫ”
  • “Ч.АЙТМАТОВДУН ЛИНГВИСТИКАЛЫК ТАБЫЛГАЛАРЫ”
  • “Ч.АЙТМАТОВДУН ЛИНГВИСТИКАЛЫК ТАБЫЛГАЛАРЫ”
  • “Ч.АЙТМАТОВДУН ЛИНГВИСТИКАЛЫК ТАБЫЛГАЛАРЫ”
  • “Ч.АЙТМАТОВДУН ЛИНГВИСТИКАЛЫК ТАБЫЛГАЛАРЫ”