AVN

Студенттер Музей -архивдик практиканын отчетун тапшырышты

Студенттер Музей -архивдик практиканын отчетун тапшырышты
 Nov 20, 2018  656

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин “Тарых”адистигинин Т-1-15 тайпасынын студенттеринин Музей- архивдик практикасын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.  Конференцияга ПМТФнин деканы ф.и.к.,доцент Р.К. Шамшиев,  “Өндүнүштүк практика” бөлүмүнүн инспектору Бабакулова Чынара жана тарых кафедрасынын жалпы окутуучулар жамааты катышышты.

         Т-1-15 тайпасындагы 19 студент 2018 жылдын 8- октябрынан 10- ноябрга чейинки 5  жумалык мөөнөттө практика өтөштү. 8.10-20.10 чейин Жалал Абад шаардык музейинде, 22.10- 3.11чейин Жалал Абад областтык архивинде  жана 5.11-10.11 чейин “Сафед- Булан тарыхый- мемориалдык комплексинде”  практикада болушту.

Студенттер  конференциянын жүрүшүндө Жалал- Абад областык архивинин жана Жалал- Абад шаардык музейинин азыркы абалына басым жасап, музейди жаңылоо керектиги боюнча өз сунуштарын киргизишти.

Жетекчи мугалимдер  практика убагында студенттердин аткарган иштерин жеринен барып таанышып келгендигин айтышып, алардын өтөгөн практикасын баалап,  окууларына ийгилик каалады.

  • Студенттер Музей -архивдик практиканын отчетун тапшырышты