AVN







"ДААНЫШМАН" интеллектуалдык оюну өттү

 Nov 20, 2018  867

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери арасында, Аймактарды өнүктүрүү жылына, ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн 95 жылдыгына,Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына "ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫНЫН" алкагында "Даанышман" интеллектуалдык оюну болуп өттү. Мындай билдирүүну Жаштар комитетинен кабарлашты.

Аталган оюнга Экономика-юридикалык, Медициналык, Филоллогия,  Табигый-техникалык жана Педагогика жана маалымат технологиялар  факультеттеринин курама командалары катышып, оюн 3 багытта (Айтматов, Илим жана ыйман, Кызыктар дүйнөсү) болгон.

 Жыйынтыгында, 1-орундуу кубокту Филология факультетинин "Прогресс" командасы ээледи. 2-орунду Табигый-техникалык факультеттин "Ойчулдар" командасы, 3-орунду ПМТФнын "Алтын Ордо" командасы ээледи. Ал эми башкалардан өзгөчөлөнүп, "Ой өрүшү кенен" номинациясы менен Филология факультетинин студенти Бектеналы кызы Самара сыйланды – дейт ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов.