AVN







АКЫНДАР ЖАМУДА КОНОКТО

АКЫНДАР ЖАМУДА КОНОКТО
 Nov 20, 2018  724

 19-ноябрда ЖАМУнун чоң жыйындар залында акын-жазуучулар менен студенттердин ортосунда эркин форматта мотивациялык жолугушуу болуп өттү.

Аталган жолугушууга Кыргызстан Жазуучулар союзунун областтагы төрагасы Самидин Стамбеков баштаган Касым Сулайманов, Нуралы Абдырахманов, Ырысбай Абдыраимовдор келишти. Жолугушуу ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулуп, максаты кыргыз адабиятындагы прозанын, поэзиянын учурдагы абалы, учурда кандай чыгармалар жазылууда ушул сыяктуу суроолор үстүндө көрүнүктүү акын-жазуучулардын жообун студенттерге алып берүү болду дейт уюштуруучулар.

Иш-чара жазуучулар менен студенттер ортосунда кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.

  • АКЫНДАР ЖАМУДА КОНОКТО
  • АКЫНДАР ЖАМУДА КОНОКТО