AVN

Табигый-техникалык факультетинин студенттеринин «Көчмөндөр маданияты - 2018» фестивалындагы жетишкендиктери

Табигый-техникалык факультетинин студенттеринин «Көчмөндөр маданияты - 2018» фестивалындагы жетишкендиктери
 Nov 19, 2018  826

ЖАМУда  “Аймактарды өнүктүрүү жылына”,  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына  жана окуу жайдын 95 жылдыгына карата “Көчмөндө маданияты – 2018” фестивалына Табигый –Техникалык факультетинин студенттери  активдүү катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Дүйнө жүзүндө тарыхы жок эл болбойт демекчи, ар бир элдин маданияты ошол элдин басып өткөн узак жолу менен шартталат. Ааламдашуу алкагында көчмөн цивилизациясы өз баалуулугун сактап калышы албетте өсүп жаткан жаш муундардын кызыгуусуна, көӊүл буруусуна жана алардын жасаган аракеттерине көз каранды. Ошол максатта ЖАМУда көчмөндөрдүн маданиятын, цивилизациясын изилдөөгө, жандандырууга жана жайылтууга көп аракеттер жасалат дейт “Биология” кафедрасынын окутуучусу Алтынай Болотова.

Фестивалдын шарты боюнча ар бир факультет жана колледждер бир улуттун маданиятын, тарыхын, үрп адаттарын, кол өнөрчүлүгүн,  жашоо турмушун, кийим- кечегин, буюмдарын көрсөтүү берилген. Мындан сырткары ошол элдин маданиятын чагылдырган көргөзмө уюштурулду.

Табигый-техникалык факультетинин студенттери түрк элинин жашоо шартын чагылдырып, студенттер ошол улуттун тилинде сүйлөө менен чыгармаларын да түрк тилинде аткарышты. Байыркы түрк  чыгармаларынан түрк ойчулдардын эмгектеринен үзүндү катары көркөм окуу түркчө угулду жана дүйнөгө таанымал “Кел кардашим, кел бир боорум” атуу ырын студенттер түрк тилинде аткарып беришти.

         Андан ары студенттерибиз түрк элдик бийин бийлешип, каада салтынан “Хна коюу” аттуу кыз узатуу салтынан үзүндү көрсөтүштү.  

ТТФнын студенттери түрк элинин маданиятын мыкты деңгээлде көрсөтүп ийгилектерге жетишишти. Калыстардын  баалоосу менен “Активдүү катышкандыгы үчүн”, “Мыкты слайд шоу ”,  “Мыкты көчмөндөр бийи” аттуу дипломдор менен сыйланышты – деп билдирди А. Болотова.

  • Табигый-техникалык факультетинин студенттеринин «Көчмөндөр маданияты - 2018» фестивалындагы жетишкендиктери