AVN

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИН КУТТУКТАДЫ

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИН  КУТТУКТАДЫ
 Nov 17, 2018  821

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 4 студенти Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин диплому менен сыйланышты. Аталган министрлик куткаруучулук адистигин тандаган жана ккоомдук иштерге активдүү катышыкан студенттерди 17-ноябрь “Эл аралык студенттер күнү” менен куттуктап, дипломдорду ыйгарды. Жаштарга мындай көңүл буруу, колдоо көргөзүү аларга стимул берет дейт ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин деканы Жакып Шамиев.

 “Келечектеги мыкты кесип ээси катары, сизди 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү менен куттуктайм! Сиз коомдун прогрессивдүү катмары катары өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ишенем. Өлкөнүн келечеги билимдүү, жоопкерчиликтүү жаштардын колунда. Сизге бекем ден соолук, окуудагы ийгиликтерди каалайм. Били м алууда жакшы жетишкендик көп болсун!” – деп жазылган диплордор төмөнкү студенттерге ыйгарылды.

Сыргабаев Айдарбек – Табигый-техникалык факультетинин “Өзгөчө кардаалдардан коргоо” адистигинин 3-курсунун студенти,

Нажимидин уулу Адилет – Табигый-техникалык факультетинин “Өзгөчө кардаалдардан коргоо” адистигинин 3-курсунун студенти,

Сагынбаев Эмилбек – Жалал-Абад колледжинин студенти,

Барпыбаева Гүлчахра – Жалал-Абад колледжинин студенти.

  • ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИН  КУТТУКТАДЫ