AVN







ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР

ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР
 Nov 16, 2018  734

ЖАМУда «Илим, тарых жана ата бабаларды эскерүү” күндөрүнө арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. ПМТФнын 322 аудиториясында 9-секцияда “Финансы жана кредит” багытында  8 мугалим жана 14студент катышышты.

Секцияны э.и.к., доцент Карбекова А.Б. жетектеди,  катчысы ага окутуучу Абдырахманова Г.Б.. Секциялык ишке катышуучулар катталып, докладдар окулуп, анын ичинен конференцияга эң мыкты катышкан, жогорку деңгээлде даярданган, экономикалык толук анализ жасай алган студенттер протоколго белгиленип, байгелүү орундарга ээ болушту. Протоколдор ЖАМУнун илим бөлүмүнө тапшырылды. Байгелүү орундарды алган студенттер төмөнкүлөр: 

I-орунга ФКк-1-16 тайпасынын студенти Ырысбай кызы Кызжибек «Роль и значение пластиковых карт в экономике КР» илимий жетекчиси ага окутуучу Мамыралиева А.Т.

II-орунга ФКк-1-15 тайпасынын студенти Абдыкеримова Бегимай «Рынок драгоценных металлов как элемент финансового рынка» илимий жетекчиси  окутуучу Ражабалиева Р.Н.

III-орунга ФКк-1-15 тайпасынын студенти Абдылкашым кызы Мавлюда «Основные дискуссионные проблемы и современные тенденции развития кыргызского фондового рынка» илимий жетекчиси э.и.д., проф.м.а. Аскарова А.К.

Активддүү катышкандыгы үчүн БЭк-1-16 тайпасынын студенти Сатарова Гулзада диплом менен сыйланды. Илимий жетекчиси э.и.к., доцент Карбекова А.Б.

  • ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР
  • ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР
  • ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР
  • ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР
  • ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР
  • ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР
  • ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР
  • ИЛИМИ МЕНЕН БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОНДОР