AVN







ЖАМУнун доценти Б.Эрназарова Москва шаарында

ЖАМУнун доценти Б.Эрназарова Москва шаарында
 May 17, 2017  1079

Медицина факультетинин Медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасынын кафедра башчысы х.и.к., доцент Эрназарова Бактыгүл Кочкорбаевна 2017-жылдын 10-13 апрелдеринде Москва шаарында өткөрүлгөн “Адам жана дары”  аттуу XXIV Россиялык улуттук конгресске катышып сертификат жана квалификацияны жогорулатуу күбөлүгүнө ээ болду.

2017-жылдын апрель айында х.и.к.. доцент Эрназарова Бактыгүл Кочкорбаевна Москва шаарындагы В.Н. Орехович атындагы  Биомедициналык химия илим изилдөө институтунда стажировкада болуп алдынкы окумуштуулар менен  илимий изилдөө иштерин талкуулап, дарыларды комьютердик прогноздоо “Computer-Aided Drug Discovery-CADD” программасынын автору б.и.д., профессор Поройков Владимир Васильевич менен лицензиялык макулдашууларды жүргүзүп  келди.

2017-жылдын  26-апрелинде Кыргыз Республикасынын ойлоп табуучулук ишмердикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн х.и.к., доцент Эрназарова Б.К.  КР өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан  “Ардак грамота” жана               12 000 (он эки миң ) сом акчалай сыйлык менен сыйланды.