AVN

ЖАМУда «Тарых жана ата – бабаларды эскерүү», «Илим» күндөрү белигелинди

ЖАМУда «Тарых жана ата – бабаларды эскерүү», «Илим» күндөрү белигелинди
 Nov 16, 2018  960

«Тарых жана ата – бабаларды эскерүү», «Илим» күндөрүнө карата ЖАМУнун чоң жыйындар залында илимий – практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференция ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору, ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаевдин сөзү менен ачылып, ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усенов «Тарых жана ата – бабаларды эскерүү» тууралуу сөз сүйлөп окутуучуларды, студенттерди «Илим» күнү менен куттуктап ийгиликтерди каалады. Конференциянын жүрүшүндө профессордук окутуучулар тарабынан 7 пленардык илимий баяндамалар жасалды.

1-баяндама: Эшиев А.М. ф.и.д.,профессор ««Манас»» эпосунун доорунан кийинки Кыргыз журту»

2-баяндама: Авазов Э.А. т.и.к., доцент «Кыргызстандагы советтик улуттук мамлекеттүүлүктүн калыптанышы»

3-баяндама: Чотонов Б.Б. ф-м.и.к., доцент «Кремний хлоридин калыбына келтирүүдө, аралашмалардын квазистатикалык процеси»

4-баяндама: Токтогулова Г.Т. ф.и.к. «Тил саясатынын эволюциясы»

5-баяндама: Анарбекова В.Э. т.и.к. «1916-жылдагы Үркүндүн элдик оозеки чыгармачылыкта чагылдырылышы»

6-баяндама: Мамадразаков Ж., Алымкул к Даткайым «Кыргыз тилин маалыматтык технологияларында колдонуу (“Эл сөзү” колдонмо программасынын мисалында)»

7-баяндама: Ыстамбаев А.М. «Жогорку билим берүү – Экономикалык продукт катары»

Профессордук окутуучулар тарабынан суроолор сунуштар айтылып жооптор алынды.

Конференцияда 14 секция иш алып барып, анда 282 илимий баяндама жасалды. Жыйынтыгында секция башчыларынын протоколдорунун негизинде секциядагы мыкты илимий баяндамалары үчүн I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Ал эми илимий баяндамалар “ЖАМУнун жарчысы” басылмасына сунушталды.конференцияга  300дөн ашуун студент, 80 профессордук окутуучулук курам катышты.

  • ЖАМУда «Тарых жана ата – бабаларды эскерүү», «Илим» күндөрү белигелинди