AVN







БИЗ Ч. АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ

БИЗ  Ч. АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ
 Nov 16, 2018  646

Педагогика жана маалымат технологиялар факльтетинде залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Биз Чыңгыз Айтматовду окуйбуз”  - аттуу тегерек стол болуп өттү. Ага аталган факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышып, жазуучулардын чыгармалары талкууга алынганын айтат декан ф.и.к., доцент Р. К. Шамшиев.

“Улуу жазуучунун “Биринчи мугалим” аталышындагы чыгармасынын үстүндө кызуу талкуу жүрдү. Азыркы күндөгү  билим берүү тармагында эмгектенген окутуучуларга, ошол багытта билим алып жаткан студенттерге чыгарманын таасири зор. Техниканын өнүккөн заманында келечек муунду ар кандай ыкма  менен тарбиялап, инсан катары калыптандыра алат” – деген ойлор тегерек үстөлдүн жүрүшүндө айтылды.