AVN







ИШКЕРДҮҮЛҮК ЖУМАЛЫГЫ УЮШТУРУЛДУ

ИШКЕРДҮҮЛҮК ЖУМАЛЫГЫ УЮШТУРУЛДУ
 Nov 15, 2018  671

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинин “Финансы жана кредит” кафедрасынын суденттери, К.Ш.Токтомаматов  атындагы Эл аралык университетинде  Бүткүл дүйнөлүк ишкердүүлүк жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн  “КР ишкердүүлүк жумалыгы” иш чарасына  катышты. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Азиза Карбекова билдирди.

   Анын айтымында иш-чаранын алкагында  викторина уюштурулуп, студенттер экскурсияга “ЖЧК”, “Мира”, ЖЧК “Сладости Багери” ишканаларына барып, алардын иш процесстери менен таанышышкан. “Ошондой эле викоринага катышкан командалар Бизнес план жазышып  өздөрүнүн темалары боюнча презентация жасашты. Жыйынтыгында ЭЮФтун «Финансы жана кредит» кафедрасынын студенттеринен   түзүлгөн команда I даражадагы диплом менен сыйланышты” – дейт А. Карбекова.

Ал эми “Кыргыз Республикасынын ишкердүүлүк жумалыгы” аталышындагы иш чарага ЖАМУдан 25 студент, жана МНУдан, Кыргызстан Эл аралык университетинен, Нур колледжинен командалар катышкан.

  • ИШКЕРДҮҮЛҮК ЖУМАЛЫГЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ИШКЕРДҮҮЛҮК ЖУМАЛЫГЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ИШКЕРДҮҮЛҮК ЖУМАЛЫГЫ УЮШТУРУЛДУ