AVN







АЯЛУУ КАТМАРДЫН МЕСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

АЯЛУУ КАТМАРДЫН МЕСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Nov 15, 2018  722

Жалал-Абад шаарында 6-7-ноябрь күндөрү Финляндиянын Хельсинки университетинин профессору Хисайо Катсуи тарабынан уюштурулган “Майыптуулуктун социалдык жана укуктук моделдери, укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана катышуу” деп аталган семинар болуп өттү. Аталган семинарга ЖАМУнун Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы катышып келишкенин аталган кафедранын башчысы Гулжамал Токтогулова кабарларды.

         Семинардын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнүн актуалдуулугу, укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү алардын жашоо образы жана дискриминацияга кабылышы тууралуу талкуулоолор болду. Жыйынтыгында бул категориядагы адамдарга медициналык, кайрымдуулук моделдеринен сырткары социалдык да колдоо зарылдыгы белгиленди – дейт Г. Токтогулова.

         Белгилей кетсек Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамааты  калктын аялуу катмарына ар убак көңүл бөлүп, даталуу күндөрү куттуктоо менен катар белектер берилип келгенин кошумчалайт ал.

  • АЯЛУУ КАТМАРДЫН МЕСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • АЯЛУУ КАТМАРДЫН МЕСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • АЯЛУУ КАТМАРДЫН МЕСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • АЯЛУУ КАТМАРДЫН МЕСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • АЯЛУУ КАТМАРДЫН МЕСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ