AVN







“Илим”, “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күндөрүнө арналган конференция болууда

“Илим”, “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күндөрүнө арналган конференция  болууда
 Nov 15, 2018  868

Бүгүн 15-ноябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында  “Илим”, “Тарых жана ата-бабаларды  эскерүү” күндөрүнө арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө. Ага окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов, окуу жайдын проректорлору жана профессордук-окутуучулук курамы катышууда.

Алгач сөзгө чыккан окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов жалпы катышуучуларды “Иилим  жана “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күндөрү менен куттуктады.

“Биз ата-бабаларыбыздын жана балдарыбыздын, келечек муундардын алдында мамлекетибизди жана эгемендигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Тарыхтын татаал жолунда эчен-эчен сыноолордон өткөн Улуу Кыргыз урпактары экенибизди, биздин өлкөбүз кылым карыткан улуу тарыхка ээ экендигин терең сезип, кыргыздын туусун бийик көтөрүп, улуттук ар-намысты ыйык сактайлы”  - деген тилегин билдирди ректор.

Ал эми илимпоздор муундар ортосундагы байланышты жана илимий салттарды улантып, өздөрүнүн бардык чыгармачылык дараметин өлкөбүздүн жана элибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылууга жумшайт. Башканы айтпасак да тарыхыбызды изилдеп, кыргыз элинин көөнөрбөс мурастарын, улуу жана байыркы элдин урпактары экенибизди изилдеп, дүйнөгө таанытышты. Окумуштуулар миңдеген монографияларды, окуу китептерин, окуу куралдарын жарыялашты, жаңы илимий ачылыштарды жасашты. Жергиликтүү чийки заттарды пайдаланууга багытталган, энергия үнөмдөөчү технологиялар иштелип чыкты жана башка маанилүү изилдөөлөр ишке ашууда.

Биздин окуу жайда дагы жаратман агай-эжелер эмгектенип жатканы кубандырат. Илим тармагында ар кандай ачылыштарды жасап, окуу китептерин, окуу куралдарын чыгаруудасыздар. Андан сырткары илимий ачылыштарды жасап, жогорку сыйлыктардын ээси болууга да жетишип жатасыздар. Белгилей кетсек Абдумаматкадыр Аширалиев  Кыргыз Республикасынын социалдык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Агайдын сыйлыгы жалпы окуу жайдын сыйлыгы, окуу жайдын жетишкени деп билебиз. Арабыздан илимий ачылыштарды жасап, окуу жайдын эле эмес жалпы журттун сыймыктанчу инсаны чыгаарына ишенем.

Ага негиз бар анткени, жаш илимпоздор илимий изилдөөлөргө активдүү катышып, эмгектери бааланып жатканын сыймыктануу менен белгилеп кетсем болот. 2018-жылдын ушул күнүнө чейин бир жындын ичинде;

Калчекеев Кубанычбек – филология илимдеринин доктору,

Темиров Немат – доцент,

Тажибаева Жаркын – педагогика илимдеринин кандидаты,

  • Бекжан – педагогика илимдеринин кандидаты наамына ээ болушту. Окуу жайда 90 кандидат, 11 илимдин доктору, 10 профессор жана 2 мамлекеттик сыйлыктын ээси эмгектенет. Ар бир аткарган ишиңиздер, жактаган илимиңиздер окуу жайдын өнүгүшүнө, коомдогу ордун жогорулатууга салым кошот – деди Кеңешбек Усенов .