AVN







ЖАМУнун окутуучулары Лиссабон техникалык университетинде

ЖАМУнун окутуучулары Лиссабон техникалык университетинде
 Nov 14, 2018  773

ЖАМУда ишке ашып жаткан Erasmus+ программасынын ROAD долбоорунун алкагында, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин деканы Айнура Аскарова, «Экономикалык билим берүү” кафедрасынын башчысы Эмил Төлөнов жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гулнура Маткалыкова 5-ноябрдан 9- ноябрга чейин Лиссабон техникалык университеинде (Tecnico Lisboa, Portugal) семинар-тренинге катышып келишти. 

Семнар-тренингдин багыты “каржылык көзөмөл, аудит жана мамлекеттик программалардын чыгашаларын баалоо” болду.  Айта кетсек ROAD долбоорунун негизинде ЖАМУга 23000 евро гранттык негизде бөлүнүп, ага “Мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана кеңеш берүү ” борбору ачылган.  Эми ал борбордо биздин профессор- окутуучулар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Кадр кызматы менен биргеликте, жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер үчүн ар кандай окутууларды уюштурат – дейт ЖАМУнун эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы.

Ал билдиргендей Лиссабон техникалык университеинде (Tecnico Lisboa, Portugal) семинар-тренинге К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Кол мамлекеттик университетини, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин жана Capacity Bilding консолтинговый группасынын окутуучулары да барышкан.

  • ЖАМУнун окутуучулары Лиссабон техникалык университетинде
  • ЖАМУнун окутуучулары Лиссабон техникалык университетинде
  • ЖАМУнун окутуучулары Лиссабон техникалык университетинде