AVN







“КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018” ФЕСТИВАЛЫ

“КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018” ФЕСТИВАЛЫ
 Nov 14, 2018  675

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Көчмөндөр маданияты – 2018” фестивалы болуп өттү. Фестиваль “Аймактарды өнүктүрүү жылына”,  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына  жана окуу жайдын 95 жылдыгына карата уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын окуу иштери боюнча биринчи проректору Атабек Алибаев, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректр Айгул Доранова, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

       Куттуктоо сөзгө чыккан шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев Жалал-Абад мамлекеттик университети кандай гана иш чара болбосун активдүү катышып, жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барууда. Ар дайым  билим берүүдө жаңы изденүүнүн үстүндө иш жүргүзүп келесиздер деген оюн айтты.

“Бул фестивалды  улуттук каада-салттарыбызды, оюндарыбызды алпештеп, жандандырып, даңктап келечек муунга өткөрүп беребиз деген  максатта  уюштуруп жатасыздар.   Окуу жайдын башчылыгына, жалпы жамаатына жана студенттерине бүгүнкү өткөрүп жаткан иш чарасына ийгилик каалап, дагы да өнүгүп өсүшүңүздөргө тилектешмин” – деген каалоосун айтты.

  • “КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018” ФЕСТИВАЛЫ
  • “КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018” ФЕСТИВАЛЫ