AVN







“КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018”

“КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018”
 Nov 14, 2018  742

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Көчмөндөр маданияты – 2018” фестивалы болуп өттү. Фестиваль “Аймактарды өнүктүрүү жылына”,  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына  жана окуу жайдын 95 жылдыгына карата уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын окуу иштери боюнча биринчи проректору Атабек Алибаев, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректр Айгул Доранова, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Иш чаранын ачылыш аземинде куттуктоо сөзгө чыккан окуу иштери боюнча биринчи проректор Атабек Алибаев көчмөндөрдүн дөөлөтүн, мурасын жана каада-салттарын  жандандырып жайлтуу өтө зор мааниге ээ экенин айты.

“Убагында улуттук оюндарыбызды, каада-салттарыбызды колдонуп жайылтууга тыюу салынган. Аны жандандырууну каалагандарга улутчул деген күнөө коюп келишкени маалым. Элибиз эгемендикке ээ болгону улуттук тилибизди, каада-салттарыбызды, оюндарыбызды жандандырып, дүйнө элдерине таанылуудабыз. Ага далил катары үч жолу “Көчмөндөр оюндарын” өткөрүп, эл аралык деңгээлде уюшулганын айтсак болот” – деди А. Алибаев.

Бүгүнкү иш чаранын түмөн түйшүгүн аркалап жогорку деңгээлде уюштуруп жаткан уюштуруучулардын ишине жана катышуучуларга ийгилик каалайм деген тилегин билдирди.

  • “КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018”
  • “КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018”
  • “КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018”