Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Көчмөндөр маданияты – 2018” аттуу фестивалынын ачылыш аземи болду. Ага университеттин окуу иштери боюнча биринчи проректору Атабек Алибаев, социлдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректр Айгул Доранова, декандар, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышууда.
Алгач көчмөн элдеринин улуттук спорттук оюндары орун алды. Оюнга факультеттердин атынан студенттер катышууда. Ошондой эле боз үй тигилип, көчмөн элдеринин улуттук тамак-аштары, кийим-кечелеринин көргөзмөсү болууда.
“Көчмөн элдеринин улуттук оюндары болгон “күрөш”, “ордо”, “тогуз коргол” оюндары ойнолууда. Мыктылардын мыктысы тандалып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи фестивалдын маданий бөлүгүндө болуп, окуу жай тарабынан сыйлыктар тапшырылат” – дейт Айгул Доранова.
Эске салсак “Көчмөндөр маданияты – 2018” фестивалы факультеттер арасында быйыл экинчи жолу уюшулууда.