AVN







СТУДЕНТТЕР САФЕД- БУЛАН КОМПЛЕКСИНДЕ

СТУДЕНТТЕР САФЕД- БУЛАН КОМПЛЕКСИНДЕ
 Nov 13, 2018  1040

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин  “Тарых” адистигинин Т-1-15 тайпасынын студенттери 2018- 2019 – окуу плынын планына ылайык 8-октябрдан 10- ноябрга чейин музей- архивдик практикада болушуп, 7-ноябрь  “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата Ала- Бука районунун Сафед-Булан  архитектуралык комплексинде экскурсияга барып келишти.

Студенттер практиканын  жүрүшүндө байыркы коло доорунан берки эстеликтер сакталган тарыхий- мемориалдык комплексге тагыраак айтканда Сафед- Булан, Зынжыл- Ата  тарыхый жерлерине барып ордунан таанышышты.

Абдыразакова Айтурган – студент,  педагогикалык практикадан айырмаланып өзгөчө болгонун  билдирди:

  • Биз буга чейин мектептерге практикага чыксак, бул жолкусунда көптөгөн  тарыхый жерлерди көрдүк. Сафед- Булан, анын тарыхы, деги эле Ала- Бука району боюнча көптөгөн тарыхый маалыматтарды  уга алдык – дейт ал.

Практика жетекчиси Мырзабаева Нуржамал студенттерге Сафед- Булан тарыхы боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

 Кыргызстандын аймагынын ислам таасирине активдүү кириши биздин замандын VIII кылымынын ортосунан башталса да, бул дүйнөлүк ири дин менен биздин ата-бабаларыбыздын алгачкы таанышуусу жүз жыл мурун илгерээкте – б.а.VII кылымдын орто ченинде эле болгондугу тарыхтан маалым болду. Бул окуя азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунун чегарасында жайгашкан “Соот-Булан (Сафед-Булан)” деген кыштактын эзелки тарыхы менен байланыштуу – деп айтып өттү.

Эскерте кетсек, жыл сайын тарых кафедрасынын 4- курсунун студенттери  экскурсиялык практикага чыгып, тарыхый жерлер менен танышып келишет. Бул жолу 19 студент жана 3 жетекчи барды.

  • СТУДЕНТТЕР САФЕД- БУЛАН КОМПЛЕКСИНДЕ
  • СТУДЕНТТЕР САФЕД- БУЛАН КОМПЛЕКСИНДЕ
  • СТУДЕНТТЕР САФЕД- БУЛАН КОМПЛЕКСИНДЕ
  • СТУДЕНТТЕР САФЕД- БУЛАН КОМПЛЕКСИНДЕ
  • СТУДЕНТТЕР САФЕД- БУЛАН КОМПЛЕКСИНДЕ
  • СТУДЕНТТЕР САФЕД- БУЛАН КОМПЛЕКСИНДЕ
  • СТУДЕНТТЕР САФЕД- БУЛАН КОМПЛЕКСИНДЕ