AVN







ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ

ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ
 Nov 13, 2018  723

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 12-ноябрдан 17-ноябрга чейин жаштар жумалыгы старт алды.  Жумалык 10-ноябрь жаштар күнү, 17-ноябрь - студенттер күнүнө карата уюшулганын айтат ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов.

Жаштарга арналган иш чаранын алгачкы  күнү "Дени сак жаштар, дени сак өлкө" аталышындагы спорттук оюндар менен башталды.  Мында: волейбол, фудбол оюндары боюнча факультет-колледждердин курама командалары беттешишти.

Ден соолугу мыкты инсан билим алууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана коомдук иштерге активдүү катышууга ынтызар болот. Андыктан жаштардын ден соолугуна, билим алуусуна өбөлгө түзүү максатында ар убак спорттук оюндарды уюштуруп, спортко үндөп келебиз. Мындай саамалыктар жаштар жумалыгынын алкагында дагы да улантылат” – дейт А. Усенов.

Оюндун жыйынтыгында кыздар арасындагы беттештин жыйынтыгы боюнча:

I орун –Жалал-Абад колледжи

 II орун – Педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети

 II орунду – Филология факультети

Ал эми балдар арасындагы воллейбол оюнунун жыйынтыгында:

I  орун - Педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети II орун - Жалал-Абад колледжи

II  орун – Табигый-техникалык факультети

Балдар арасындагы фудболдук беттеште 6 команда катышып, жыйынтыгында:

I орун – Педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети

II орунду – Медициналык факультети

III орунду – Экономикалык-юридикалык факультети ээледи.

  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ