AVN







“КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018”

“КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018”
 Nov 10, 2018  998

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 13-ноябрь күнү студенттер арасында “Көчмөндөр маданияты – 2018” фестивалы болот. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында “Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына, ЖАМУнун 95 жылдыгына жана III Көчмөндөр оюнуна карата уюшулуп жатканын окуу жайдын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова билдирди.

Фестивалдын жүрүшүндө көчмөн элдерге таандык материалдык маданият көргөзмөсү көргөзүлүп, көчмөндөрдүн спорттук оюндары ойнотулат.

“Фестивалдын максаты жаштарга ата-бабалардан калган улуу мурастарды унутта калтырбай, аларга үйрөтүү. Салт-санааларыбызды кийинки муунга мурас катары калтыруу” – дейт А. Доранова.

Иш чарага окуу жайдын факультеттеринде билим алып жаткан студенттер катышат. Ошондой эле “Көчмөндөр маданияты” фестивалы быйылкы жылы экинчи жолу уюштурулууда.

  • “КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018”
  • “КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ – 2018”