AVN







ЖАКТЫН 120 СТУДЕНТИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨДӨ

ЖАКТЫН 120 СТУДЕНТИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨДӨ
 Nov 9, 2018  828

ЖАМУнун, Жалал-Абад колледжинин,  Техникалык жана маалыматтарды башкаруу бөлүмүнүн «220206-Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу» адистигинин БАСк-01-17, БАСк-2-16, БАСк-3-16 тайпаларынын, ошондой эле «Электр менен камсыздоо» адистигинин ЭСк-01-17, ЭСк-2-16 тайпаларынын жана “Электр чордондору, тармактар жана системалар” адистигинин ЭССк-01-17тайпасы 2018-2019-окуу жылынын 5-ноябрнан 1-декабрга чейин өтүлүүчү өндүрүштүк практикага жиберүү конференциясы болуп өттү.

Техникалык жана маалыматтарды иштетүү бөлүмүнөн Өндүрүштүк практиканын жетекчилери болуп  БАСк-3-16 тайпасына Маманова Б., Тагаева Л, БАСк-2-16 тайпасына Малашев Ж, Самиева Ж, БАСк-01-17 тайпасына Мусакулова Н.Доронова А. дайындалышты. 

Ошондой эле ЭСк-01-17, ЭСк-2-16 жана ЭССк-01-17 тайпаларына жетекчи болуп А. Курбанов, А.Мамытова, Б. Акматалиева жана С.Шаимкулова  дайындалышты. Эки адистиктен жалпы 120 студент өндүрүштүк практикасын өтөө үчүн окуу жай менен келишим түзгөн ишканаларга жолдомо алышып, теориядан алган билимин практикада колдонуп, үйрөнүү үчүн жөнөтүлүштү.

«Электр менен камсыздоо» жана “Электр чордондору, тармактар жана системалар”  адистиктеринин студенттери жалпысынан  “Жалал-Абад электро” ААКна жана бардык райондук электр тармактарына, ошондой эле  “Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары” ишканасынын подстанцияларына жана кызматтарында  бөлүнүштү. Жалпысынан алганда 65 студент практикага чыгууга жолдомолорун колдоруна алышты.

БАС адистигинен 4 студент Жалал-Абад шаардык “Кыргызтелеком” ишканасына, 3 студент Жалал-Абад шаардык ӨКМ суу ташкындоо бөлүмүнө, 4 студент ЖАМУнун, Кадрлар бөлүмүнө, 5 студент Жалал-Абад шаардык 7-каналга, 8 студент Жалал-Абад шаардык AISNET интернет клубуна, 5 студент Жалал-Абад шаардык EXSELENT окуу борборуна, 2 студент Жалал-Абад шаардык Компанион банкына, 2 студент Жалал-АбадшаардыкКыргызпочтасына, 2 студент Лек окуу борборуна, 3 студент Жалал-Абад шаардык областтык китепканага, 1студент Жалал-Абад шаардык курортуна, 2 студент Жалал-Абад шаардык ОсОО «Магнит экспресс» борборуна, 6 студент ЖАМУнун, МТ жана КТТ бөлүмүнө, 3 студент ЖАКтын техникалык жана маалыматтарды иштетүү бөлүмүнө, 1 студент Жалал-Абад шаардык  Азия банкына, 1 студент  Жалал-Абад шаардык «Азык ордо» супер маркетине, 1 студент Жалал-Абад шаардык IMEX окуу борборуна, 1 студент Жалал-Абад шаардык INFOLINE окуу борборуна, 1 студент Жалал-Абад шаардык OXSUS микрокредиттик компанияга өндүрүштүк практикага жөнөтүлүштү. Жалпысынан БАС адистигинен 55 студент практикага чыгышты.

  • ЖАКТЫН 120 СТУДЕНТИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨДӨ
  • ЖАКТЫН 120 СТУДЕНТИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨДӨ
  • ЖАКТЫН 120 СТУДЕНТИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨДӨ