AVN







ЖАМУнун окутуучулары “Билим берүү тармагында аккредитациялоо жана лицензиялоо” аттуу семинарга катышышты

ЖАМУнун окутуучулары  “Билим берүү тармагында аккредитациялоо жана лицензиялоо” аттуу семинарга катышышты
 Nov 9, 2018  743

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Билим берүү тармагында аккредитациялоо жана лицензиялоо”аттуу окутуу семинары  2018-жылдын 25-26-27-октябрь күндөрү  Ош мамлекеттик  университетинин базасында болуп өттү.

Семинарга  орто жана жогорку окуу жайларынын мугалимдери, райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери чакырылган. Аталган семинарга ЖАМУнун химия кафедрасынын башчысы Н.Арстанбекова, окумуштуу катчы Н.Нусупова, окутуучу Т.Нарымбетовдор катышып келишти.

Семинардын  жүрүшүндө  КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары К.Г.Кожобеков,  Лицензиялоо жана аккредитациялоо агенттинин башчысы Г.Э.Сарыбагышева  сөз сүйлөп, билим берүү сиситемасындагы аккредитациялоо жана лицензиялоо багытында жасалып жаткан иштер, лицензиялоодогу жаңы талаптар менен тааныштырышып, бул багыттагы суроолорго жооп беришти.

Семинардын катышуучулары үч күн бою топторго бөлүнүү менен лицензиялоо жана аккредитациялоо иштери боюнча теориялык жана практикалык окутуу семинарына катышып, тесттик суроолорго  жооп беришкен.

  • ЖАМУнун окутуучулары  “Билим берүү тармагында аккредитациялоо жана лицензиялоо” аттуу семинарга катышышты
  • ЖАМУнун окутуучулары  “Билим берүү тармагында аккредитациялоо жана лицензиялоо” аттуу семинарга катышышты