AVN







“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Кочкор-Ата колледжинде

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Кочкор-Ата колледжинде
 Nov 6, 2018  805

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кочкор-Ата колледжинде    «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

Аталган факультеттин иш чарасы жободогу бардык пункттардагы жанрларды толук камтыган.

Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова “Жалал-Абад мамлекеттик университети облуста кучагын кенен жайган жалгыз окуу жай болуп саналат. Ар аймакта коллдеждери жана факультеттери орун алып, жаш кадрларды даярдоодо. Бул иш чаранын максаты ЖАМУнун жалпы кызматкерлеринин ортосунда ынтымак чыңдалып, тажрыйба алмашуу” – дейт А. Доранова.

     “Негизинен жобо боюнча берилген шарттардын бардыгын аткардыңыздар. Калыстар тобу ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыктаганда 253 баллга ээ болдуңуздар. Башкалардан өзгөчөлүгүңүздөр мал терисинен жасалган ичикти  көргөзмөгө алып чыктыңыздар. Буга чейин эч бир факультетте көчмөнөр маданияты бөлүгүндө мындай кийим чыгарылга н эмес.  Ошондой эле жыл аягында жыйынтыктоочу гала концерке  эки жеке номерде аткарылган  ырлар тандалды” – деп кошумчалады.

Калыстар тобунун мүчөлөрү:А.Д. Доранова – калыстар тобунун төрайымы, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору;

Р.А. Шаимкулов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси;

Ж. Масаитов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетектөөчү адиси;

Н.Г. Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

А. Усенов – мүчө, ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрагасы.

  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Кочкор-Ата колледжинде
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Кочкор-Ата колледжинде
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Кочкор-Ата колледжинде
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Кочкор-Ата колледжинде