AVN







ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ

ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
 Nov 6, 2018  1035

Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 6-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Ага  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышып, тарыхый окуяларга байланыштуу орнотулган эстеликке гүл коюшту.

ЖАМУнун окуу иштери боюнча 1-проректру Атабек Алибаевдин айтымында бүткүл өлкө боюнча көп улуттуу кыргыз элинин жашоо-турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларына, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүүгө арналган иш-чаралар экинчи жылы белгиленип жатат.

“Бул күнгө карата атайын университет тарабынан иш-чаралар уюштурулуп, ата-бабарыбыз жөнүндө студенттерге ачык сабактар, тегерек үстөлдөр жана илимий конференциялар уюштурулган. Ал эми борбордук аянтка саясий репрециялардын курмандыктарын эскерүү жөнүндө тарыхый инсандардын сүрөттөрү жана өмүр таржымалы түшүрүлгөн баннерлер даярдалып коюлду. Ушул бакубат  заманды өздөрүнүн  өмүрүн арнап, бизге мурас катары калтырып кеткен ата-бабаларыбызды эскерүү азыркы муундун милдети” – дейт А. Алибаев.

Эске салсак, Кыргыз Республикасында биринчи жолу 2017-жылдын 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленген. Тийиштүү жарлыкка экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ
  • ЭЛ КАЙМАКТАРЫН ЖАЛМАГАН – РЕПРЕЦИЯ