AVN







ЖАМУнун ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН ДОЛБООРУ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИ

ЖАМУнун ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН ДОЛБООРУ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИ
 Nov 3, 2018  803

«Роза Отунбаеванын демилгеси»  Эл аралык фонду тарабынан уюштурулган «Женщины в STEM»инновациялык конкурсуна ЖАМУнун «Энергия булактары, электро энергетикалык системалар жана механика» кафедрасынын окутуучулары катышып женишке ээ болушту. Сынакка жалпы   30 долбоор катышкан, анын ичинен 10 долбоор женишке жетишти.

Кафедра башчысы К. Кокумбаеванын айтымында сынакка республикадагы жогорку жана орто окуу жайларынын мугалимдери тарабынан жазылган долбоорлор катышкан. “ Биз долбоордун  алкагында 1000 АКШ доллар суммасындагы каржылоосу менен  лабораторияларды түзөбүз. “Электроэнергетикалык системаларын долбоорлоонун заманбап техникалары” жана “Маалымат өлчөө техникасы” аталыштагы эки предметтин лабораториясы түзүлөт” – деди К. Кокумбаева.

Белгилей кетсек,   ЖАМУдан окутуучулары тарабынан берилген долбоордун аталышы: АСКУЭ- прозрачное решение по учёту и качеству электроэнергии,  жетекчиси  «Энергия булактары, электроэнергетикалык системалар жана механика»кафедрасынын башчысыт.и.к., доцент  Кокумбаева Кулумкан Асановна;

Катышуучулар: «Энергия булактары, электроэнергетикалык системалар жанамеханика» кафедрасынын улук окутуучусу  Токтосопиева Кадича Мамытовна ;

Аталган адистиктин ЭЭСС-1-15 тайпасынын студенти  Борубаева Жанара,

ЭЭСС-1-16 тайпасынын студенти Чойбекова Элвира.

  • ЖАМУнун ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН ДОЛБООРУ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИ
  • ЖАМУнун ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН ДОЛБООРУ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИ