AVN







ЖАМУдагы ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ

ЖАМУдагы ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ
 Nov 1, 2018  838

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Маданий-эстетикалык борборунун” адиси, комузчу, обончу жана аткаруучу  Нурбек Шамуратовдун отчеттук концерти болду. Концерт окуу жайдын чоң жыйындар залында болуп, ага конок катары   Т. Тыныбеков атындагы филармониянын кызматкерлери да катышты.

Чыгармачылык кечеде Н. Шамуратовдун аткаруусундагы ырлар жаңырып,  Т. Тыныбеков атындагы филармониянын ырчылары менен биргеликте аткарган дуеттерин тартуулады. Ошондой эле куйкум сөздүү “Бойдок чалдар” көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөсө, КРнын Эл артисттери Ш. Талипова, А. Бедияров конок катары катышты. Ошондой эле маданияттын мыкты кызматкери  Н. Темиркулова, “Нур” тобунун жетекчиси Самаган Кочкоров жана Э. Балтагулов жубайы  Г. Жумабекова  менен  чыгармаларын тартуулашты.

Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек  Жумабекович – Н. Шамуратовго чыгармачылык эргүү, ийгиликтерди каалап өттү. “Университетте өткөрүлгөн маданий иш-чараларды  мыкты уюштуруп, окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошууда. Чыгармачылыкка шыктуу студенттерге комуз үйрөтүп, аларга чыгармачылык шык берүүдө. Келечекте мыкты шакирттерди даярдап, алдынкы устат болушуңа тилектешмин” – деген каалоо тилегин билдирди.

Н. Шамуратов –1985-жылы Сузак районунун Барпы айылында туулган. Чоң сахнага чыкканына 4 жыл болуп,   аткаруусунда 32 чыгарма болсо, анын алтоосунун обону өзүнө таандык.  Ал эми ЖАМУнун алдында “Жаш канат” аттуу комуз ийримин ачып комузга кызыккан жаштарды тарбиялоодо, бүгүнкү күндө анын окуучуларынын саны  10 го жеткен.

  • ЖАМУдагы ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ
  • ЖАМУдагы ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ
  • ЖАМУдагы ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ
  • ЖАМУдагы ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ