AVN

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ТАМАШОУНУН МЫКТЫ ОЮНЧУСУ

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ТАМАШОУНУН МЫКТЫ ОЮНЧУСУ
 Nov 1, 2018  886

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин "JASU STAR'S" курама командасы 30-октябрда  тамашоу Жалал-Абад филиалынын 7-сезонунун ачылыш фестивалына катышып,  "Мыкты оюнчу" номинациясына ээ болушту. Оюн облусттук Барпы атындагы драма театрында уюштурулган. Бул тууралуу ЖАМУнун  Жаштар комитетинен кабарлашты.

Маалыматта фестивалга жалпы 11 команда катышып, 3 номинациянын алкагында таймаш жүргөнү айтылат. “Фестиваль бир гана саламдашуу конкурсунун алкагында өттү. Калыстар тобунун купулуна толуп, "Мыкты оюнчу" номинациясынын ээси болуп, ЖАМУнун "JASU STAR'S" курама командасынын мүчөсү Айдаралиева Айдана сыйланды. Тамашалары башкалардан өзгөчөлөнгөндүгү үчүн "Эң мыкты тамаша" номинациясы "Тойчики" командасына ыйгарылды. Тамашоу сахнасына биринчи жолу чыгышына карабай, командалардан активдүүлүгү, мыкты даярдыгы менен "Эң мыкты команда" номинациясынын ээлери мектеп окуучулары "Аль-Фауз" командасы болушту” – деди Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов.

Эске салсак,  "JASU STAR'S" курама командасы 2017-жылы түзүлүп, тамашоунун Жалал-Абад филиалынын ар сезонунда оюн көргөзүү менен катар түрдүү номинацияларга ээ болуп келүүдө.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ТАМАШОУНУН МЫКТЫ ОЮНЧУСУ