AVN







ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ

ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
 Nov 1, 2018  1794

ЖАМУнун экономикалык – юридикалык факультетинин “Финансы жана кредит” кафедрасынын профессордук – окутуучулар жамааты студенттери менен биргеликте, улуу жазуучубуз Ч. Т. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Эне тил  жана Ч. Айтматов” аттуу жарыяланган үч айлыктын негизинде адабий-көркөм иш - чара өткөрүштү.

         Бул иш – чарага ЖАМУнун Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы ф.и.д., профессор  К. Б. Калчакеев, ЭЮФтун профессор А. Зулпукаров, “Финансы жана кредит” кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент А. Б. Карбекова жана ЭЮФтун профессордук – окутуучулар курамы, студенттер катышышты.

      «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» - деп  Ч. Айтматов биздин тил жөнүндө айткан. Залкар жазуучуну кыргыз тилинин өнүгүүсүнө өз чыгармалары менен опол тоодой салым кошкон инсан катары билебиз.Бүгүнкү иш чарада Ч. Айтматовдун чыгармаларынан инсценировкалар коюлуп, анын калемине таандык “Ыссык-Көлдү сагынуу” аттуу обондуу чыгармасын студенттер аткарышты. Андан сырткары мамлекеттик тил жөнүндө ырлар ырдалып, улуттук бий бийлешти – дейт кафедра башчы.

         Иш – чарага “Финансы жана кредит” адистигинин 50дөн ашык студенттери катышса, 200дөн ашык көрүүчүлөр келген.

  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ
  • ЭНЕ ТИЛ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВ