AVN







ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Oct 30, 2018  841

ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин 4-курсундагы студенттердин кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү. Анда “Мыкты сабак”, “Мыкты тарбиялык саат”, “Мыкты көрсөтмө курал” аталышындагы конкурстар уюштурулуп, Кт-1-15 тайпасынын студенти Бахтияр кызы Толгонай, Шакирали уулу Орозбектер мыкты сабактардын үлгүлөрүн көрсөтүшүп, жеңүүчүлөрдөн болушту.

         Кт-1-15 тайпасындагы 22 студент 2018-жылдын 10-сентябрынан 13-октябрга чейинки 5 жумалык мөөнөттө шаардагы орто мектептерде (№4, 6, 8, 9, 19) кесиптик-профилдик практикасын өтүп келишти. Студенттерге кыргыз тили кафедрасынан профессор И.Абдувалиев, доцент Г.Бакирова, доцент М.Шакировалар, кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынан доцент А.Кадырова, улуу окутуучулар А.Шерипбаев жана А.Токуровалар жетекчи болуп дайындалып, сабактарына катышып келишти.   

         Усулчу-жетекчилер студент-практиканттардын практика убагында аткарган иштерин, өткөн сабактарын “жакшы” деп баалашып, окууларына ийгилик каалашты. 

  • ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ